Көркөм сүрөт музейинде эки көчүрмө сүрөт табылды

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин сүрөт сактоочу жайынан белгилүү советтик сүрөтчүлөрдүн, рынокто баасы кымбат эсептелген сүрөттөрү жоголгон. Алар Андрей Мыльниковдун "Түш" жана Евсей Моисеенконун "Ольга" сүрөтү. Бул жөнүндө Борбордук Азияда маданий мурастарды коргоо менен алектенген мамлекеттик эмес эл аралык уюм Alerte Heritage маалымдайт.

Макаланын автору Борис Чухович билдиргендей, бул Бишкектеги мамлекеттик көркөм музейинде жалгыз эмес жоголуу болушу мүмкүн.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов VB.KG редакциясына берген маегинде бул уюмдун кабарынын чын же жалгандыгын тастыктаган жок.

Учурда мезейде атайын түзүлгөн комиссия иштеп, музейдин сактоочу жайындагы сүрөттөрдү текшерип жатат. Азыр 300гө жакын сүрөттөр текшерилип бүттү, алардын жалпы саны канча экендигин так айта албайм. Комиссиянын мүчөлөрү жыйынтык чыгаргандан кийин, биз ал жөнүндө сөзсүз коомчулукка билдиребиз, – деди Азамат Жаманкулов.

Ал Кыргызстанда сүрөттүн аныктыгын же көчүрмөсүн айырмалай алган эки эле адис бар жана экөө тең комиссиянын курамында иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында музейде XIX кылымдагы орус сүрөчүлөрүнүн эки сүрөтү бузулгандыгы белгилүү болгон. Музейдин мурдакы директору Юристанбек Шыгаев 2014-жылы эки сүрөттү: Николай Сверчковдун "Жылкы жана ит" жана Николай Генин "Бакуниндин портрети" сүрөтүн көргөзмөгө алып баруу үчүн музейден алып чыккан. Анын бирин бузуп алганын 2019-жылы май айында капысынан байкап калышкан. Андан көп убакыт өипөй Юристанбек Шыгаев Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД