С. Жээнбеков В. Путин менен Бишкекте өтүүчү ЖККУ саммитин талкуулады

Кыргыз Рсепубликасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июлда, Швейцарияга болгон расмий иш сапарынан кийин, бир күндүк иш сапары менен Россиянын борбору Москва шаарына келди.

Иш сапарынын алкагында ал Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул эки мамлекеттин жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу болуп саналат.

Лидерлер Россия президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөдө 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу сессиясына даярдыктар талкууланды.

ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД