Исфанада үйлөрүндө апийим өстүргөн 3 адам кармалды

Лейлек районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан Исфана шаарында үйүндө баңгизат өсүмдүктөрүн өстүргөн 67 жаштагы Б.К., 58 жаштагы Х.Р жана А. аттуу тургундар үйлөрүнүн короосунда апийим өстүрүп жатканы такталып жана кармалган. Бул жөнүндө Баткен ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардан алынган апийимдин жалпы салмагы 50 кг жакын болгон.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД