Жол кырсыгы боюнча иш Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди

Жогорку Кеңештин депутатынын уулу Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча ишти эми Ысык-Көл облусунун Тергөө кызматы иликтейт. Иштин өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө VB.KG редакциясына облустун ИИББ билдирди.

-Иш Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, ал жакта мурда чогултулган материалдарды кайрадан текшерип чыгышат. Жакынкы күндөрү автоунаалар кагылышуу алдында кандай ылдамдыкта баратканы, жол коопсуздугунун эрежелери сакталганбы же жокпу, мына ушунун баарын экспертизалардын жыйынтыгы көргөзөөрү күтүлүүдө, - деп Ысык-Көл облусунун ИИББ басма сөз кызматынан айтышты.

Күч органдарынын өкүлдөрү, BMW автоунаасы уруксат берилгенден катуу ылдамдыкта баратышы мүмкүн экендигин жокко чыгарышпайт. Бирок, расмий корутунду экспертизалык иштердин жыйынтыгынан кийин гана айтылат.

Андан тышкары, тергөө кызматында автоунааларда орнотулган регистраторлордун жазылышы сакталбай калган. Бул жабдыктар автоунаалардын кагылышынан кийин жараксыз абалга келишкен.

-Бирок, биздин карамагыбызда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка видеокамералардын жазуулары бар, - деп ИИБ кызматкерлери кошумчалады.

Эске салсак, 7-июлда таң эрте Чолпон-Ата шаарына жакын жердеги жолдо, BMWХ7 жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышкан. Жол кырсыгы болгон жерде тартылган фотосүрөттөрдөн көрүнгөндөй, кагылуу жеңил машинанын капталына туш келген. Жеңил машинанын ичиндеги үч жаран ошол жерден жан берип, дагы бирөө ооруканада эсине келбей каза болгон.

Кийин белгилүү болгондой, баасы он миңдеген доллар турган BMWХ7 автоунаасы Жогорку Кеңештин депутатынын уулу, 25 жаштагы Темирлан Токобековго тиешелүү, ал эми анын өзү Бишкек шаардык кеңешинин депутаты экендиги аныкталган. Укук коргоо органдарындагы булактар боюнча, автоунаалар кагылышуу учурунда ал жүргүнчүнүн ордунда отуруп, ал эми рулду анын досу башкарып бараткан.

Кийин ММКага Темирлан Токобековдун ишкер өнөктөшү Сухраб Жармухамедов кайрылып, автоунаа анын өзүнө тиешелүү болоорун билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД