Кыргыз-тажик чек арасын чектөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин чектөөнү тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттөрүнүн делегациялык тобунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын чектөө маселелери боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Мамлекеттик чек аранын өтүшү боюнча жумушчу түрдө чийишип, калган кыргыз-тажик чек ара тилкелерин чектеп чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым Мамлекеттик чек ара тилкелерин биргелешип талаада текшерүү макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүү жана достук маанайда өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД