Депутаттар үчүн 11 млн табылып, балдар үйүнүн ремонтуна 1 сом жокпу?

Эмне үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары өз бөлмөлөрүнүн терезелерин алмаштырууга 11 млн сом бөлүшөт да, ал эми жетимдер жашаган балдар үйүнүн ремонтуна каражат табылбайт? Мындай суроо Чүй мектеп-интернатынын мурдагы тарбиялануучусу, "Жетим балдардын укугун коргоо" Коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев тарабынан берилди. Ал Facebookтагы өз баракчасына кайдыгер карабаган жарандарга кайрылып, балдар жашаган имаратты ремонттоо иштерине жардам көрсөтүүнү суранган.

Чүй мектеп-интернаты Токмок шаарынан 80 км алыстыкта жайгашкан. Имаратты жабырактуу бак-дарактар жаап тургандыктан, бийликтегилерге анын авариялык абалы жакшы көрүнбөй жаткандай. Көзүм көрбөсө болду дешкенсийт...

Беляев жазгандай, мектеп-интернат 1956-жылы уюушулуп, 1958-жылы ишке киригизилген. Бул балдар үйүндө Кыргызстандын баардык аймагынан келген жетим балдар жана кароосуз калган ата-энелер жашашат. Азыркы убакта бул жерде 180 тарбиялануучулар жашайт. Мектеп-интернат курулгандан бери бир да жолу капиталдык ремонт жасалган эмес.

-Дүйнөдө боорукер адамдар көп эмеспи, алар балдарга таттууларды, кийим-кечек, канцеляриялык буюмдарды алып келип берип турушат. Бирок, биз бул жердеги балдарга мейманга келип, советтик мезгилде курулган эски имаратты көргөнүбүздө, анын кирпичи балдардын башына кулап түшпөсө экен деген ойдо калабыз. Балдардын жашоосу үчүн шарттар мышык ыйлагыдай абалда калган. Совет мезгилинен бери калган терезелер мыктар менен кагылган, эшиктери ачылып-жабылбай калган, полдорунун тактайлары чириген. Бирок мамлекет бул жетим балдар жөнүндө кам көргөндү унутуп салгансыйт, - деп белгилейт Игорь.

Коомдук фонддун жетекчиси VB.KG редакциясына билдиргендей, жакында балдар үйү Жогорку Кеңештин көпкө күттүргөн "белегин" алгандай эле болду. Парламенттин имаратына жаңы килем дорожкаларды алышып, ал эми эскилерин кереги жок дегенсишип, мектеп-интернатка берип жиберишкен. Ал дорожкалар түрмөктөлгөн боюнча жатат, алар ушунчалык эскиргендиктен колдонууга да жарабайт.

-Келгиле баарыбыз биригип мектеп-интернаттын балдар жашаган имаратын ремонт жасатып алалы, эми аз күндө жаңы окуу жылы башталат... балдар үчүн да жылуу, терезелеринен шамал урбаган бөлмөлөрдө жашоо кандай жагымдуу болмокчу, - деп өтүнөт Игорь.

Ал белгилеп өткөндөй, ремонтко сарпталуучу акча каржаттарын көзөмөлдөө үчүн комиссия түзүлөт. Мектеп-интернаттын директорунун колуна нак акча берилбейт. Керектүү материалдар сатылып алынып жана ремонт жүргүзүлөт. Балдар бул жөнүндө канча убактан бери кыялданышууда. Кайрымдуу ададардан башка бирөөлөр аларга жардам беришпейт, - деп сөзүн жыйнтыктады биздин маектешүүчүбүз.

Маамлымат үчүн:

Июль айынын башында мамлекеттик сатып алуу порталында Жогорку Кеңештин имаратынын терезелерин алмаштыруу үчүн 11 млн 176,2 миң сом каралгандыгы жарыяланган. Ага ылайык, 20-октябрга чейин тендерди утуп алагн компания тарабынан 1-кабаттан 4-кабатка чейинки эски терезелердин баардыгын алмаштырылмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД