Тартип бузган мэрия кызматкерлери иштен алынбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен "ойногон" мэрия кызматкерлери иштен алынбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жаш кызматкерлер муниципалдык "Бишкектеги машина токтотуучу жайлардын" кызматкерлери болгон.

- Мэриянын чиновниктерине Президенттин аппаратынын бул кызматкерлерди кызматтан албоо өтүнүчү айтылды. Алар менен түшүндүрүү иши жүргүзүлүп жана тартипке чакыруу чаралары көрүлдү. Кызматкерлер кечирим сурашты, - деп Бишкек мэриясынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ социалдык тармакка Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканасынын кызматкерлери президенттин портрети менен ойноп жаткан сүрөтү жарыялаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД