Өмүрбек Текебаевдин омурткасына операция жасалат

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев операция жасатууга даярданууда. Бул жөнүндө "Ааттыкка" Бишкек травматология жана ортопедиа илимий-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

-Мурда анын омурткасына операция жасалган экен. Азыр ал жерде эки грыжа пайда болуп, омурткасы жылышып кеткен. Биз операция жасайлы дегенбиз, бирок, анан жүрөгү ооругны да аныкталды. Азыр аны кардиологдор карап жатышат, алар изилдеп бүткөндөн кийин операция жасалат, - деп түшүндүрдү Жумабеков.

Өмүрбек Текебаев буга чейин Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология борборунда дарыланып чыккан, июнь айынын аягында аны Бишкек травматология жана ортопедиа илимий-изилдөө институтуна которушкан.

Эске салсак, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден пара алды деп шектелип 8 жылга камакка алынган. Леонид Маевскийдин билдирүүсүнө караганда, ал 2010-жылы Өмүрбек Текебаев менен бир нече жолу жолугушуп, "Альфа Телеком" ЖАКтын акцияларын сатууга убада кылгандыгы үчүн 1 млн доллар берген. Саясатчылардын өздөрү бул ишти ошол кездеги өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевге карата ачык оппозицияда болгондугу үчүн саясий куугунтук катары эсептешүүдө.

16-июлда Жогорку сот Текебаевдин ишин кайра карап чыкмак, бирок, иш материалдарынын көптүгүнөн, аны менен таанышып чыгуу үчүн 21 августка жылдырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД