Кыргызстан нацизм жана расизмге каршы Кайрылууну колдоду

КМШ аткаруу комитетинин эксперттик тобу КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын Шериктештик өлкөлөрдүн элине жана совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 75 жылдыгына карата Кайрылуунун долбоорун бекитти. 15-16-июлда өткөрүлгөн кеңешмеде Азербайжандын, Армениянын, Белоруссиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана эксперттер катышышты. Аткаруучу комитеттен билдиришкендей, жиберилген долбоорду карап чыгып, эксперттер көпчүлүк добуш менен бул документке, ошондой эле бул маселе боюнча Шериктештик мамлекеттеринин кеңешинин чечимине макулдук беришти.

Кайрылууда 1941-1945-жж.. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш КМШ элдери үчүн өчпөс окуя болуп саналат. Ал Мекенди коргоо жана адамзатты "күрөң чумадан" куткаруу урматына патриотизмдин, эрдиктин, туруктуулуктун жана достуктун уратылгыс символун билдирет деп айтылат. Ошондой эле бул элдин фашизмди талкалоодогу чечүүчү салымды кошкондугу белгиленип жана алардын ролун ылдыйлатуу, тарыхты жасалма кылуу аракеттерин айыптайт.

Ушуну менен катар долбоордо дүйнөлүк коомчулугуна нацизмдин идеологиясынын кайталанышына, ксенофобия жана расизм үгүтүнө чечкиндүү түрдө каршы туруу чакырыктары камтылган. Жалпыга белгилүү принциптердин жана эл аралык укуктун нормаларын сактоонун негизинде, акыйкаттуу жана коопсуз коомдук системаны орнотууда күчтөрдү бириктирүү белгиленген.

Эске салсак, мындан мурдараак, үстүбүздөгү жылдын апрелинде КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Москвадагы кеңешмесинде кыргыз тараптан демилгеленген эстеликтерге жана аскер көрүстөндөрүнө жакшы көз салуу жана сактоо боюнча кайрылуусу кабыл алынган. Бул документте ошондой эле фашисттерге каршы күрөшкөн баардык мамлекеттердин элинин каармандыгын жана эрдигин түбөлүккө калтыруу маанилүү экендиги, издөө иштерин жүргүзгөн коомдук бирикмелерге, ыктыярдуулардын кыймылына, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого баардык жактан колдоо көрсөтүү баса белигленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД