Бишкекте жаа атуу боюнча борбордун биринчилиги өткөрүлдү

"Эмгек резервдери" стадионунда жаа атуу боюнча биринчи жолу Бишкектин биринчилиги өткөрүлдү. Бул жөнүндө борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматына караганда, жаа атуу боюнча ар кандай разрядга ээ болгон 38 спортчу өз ара мелдешти. Иш чаранын уюштуруучусу катары Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы болду.

Эркектер арасында үч алдыңкы орундагы сыйлыкка - Алманбет Суеркулов, Улукбек Курсаналиев жана Азим Осмоналиев, ал эми аялдар арасында - Асель Шарбекова, Айтурган Маматкулова жана Рустам кызы Аяна ээ болушту. Жаштар арасында биринчиликти Камила Жапарова, балдар арасында – Динар Бекболиева, жаңы спортчулар арасында – Алсу Абдулаева жеңип алышты, - деп борбордун мэриясы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД