Россиянын телеканалы "Кыргызстандын суулары жөнүндө" фильм тарта баштады

Россиянын "Маданият" телеканалынын фильм тартуучу тобу – "Кыргызстандын суулары жөнүндө" жумушчу аталышына ой жүгүртүү менен тасма тартууну баштоого киришти. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына россиялык журналисттер өздөрү айтып беришти.

Фильмдин режиссеру Евгений Безбородовдун айтымында, тасманын башкы максаты анын каармандары инженерлер, илимпоздор, экологдор, айылдын жөнөнкөй тургундары, бийликтин өкүлдөрү менен бирге, көрүүчүлөргө Кыргызстанда мөңгүлөрдүн ушунча көп болгондугуна карабастан, айылдардын көпчүлүгүнө иче турган таза суу жетпей жаткандыгын айтып берүү болуп эсептелет.

Ошону менен бирге ар кандай эксперттердин пикирин угуп-билүү, мисалы, алардын айрымдары суу маселеси – азыр Кыргызстандагы экологоиялык миграциянын себептеринин бири деп эсептешет. "Маданият" телеканалынын журналисттери биринчи күнү Кыргыз улуттук агрардык университетинин имаратындагы суунун музейине барышты.

-Биз эл жашаган жерлерде суусу жок калганда, айылдар жана анын жашоочулары кандай абалда калышаары жөнүндө айтып жана көрсөткүбүз келет. Ошону менен бирге – Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүнүн көптүгү, көлдөрү жана дарыялары, кереметтүү Ысык-Көл жөнүндө көрсөтүп дүйнөнү таң калтыргыбыз келет, - дейт Евгений Безбородов.

Тасманын демилгечилери Кыргызстандын кооздугу жана эли аркылуу, биздин өлкөнүн жаратылышы жана мөңгүлөрү менен байланышкан кейиштүү абалды көрсөткүлөрү келгенин да айтышты.

Соцтармактардагы өз баракчаларына алар жаратылыштын кооздугун жана элибиздин меймандостугун көрсөткөн фотосүрөттөрүн жайгаштырышууда.

Бул тасманы тартуу менен, алар жергиликтүү айыл элинин таза суу үчүн булакта же суу түтүгүндө кантип кезекте турушканын, огороддорун кантип сугарып жана жайдын ысык күнүндө балдар сууга түшүп жатышканын тартып алуу суранычын аткарып да жүрүшөт. Журналисттер айткандай, открыткадагы Кыргызстандын сүрөтүнүн артында элдин жашоосу да бар эмеспи.

Алар зор кызыгуу менен сууну баалаган элдин макал-лакаптарын, учкул сөздөрүн жана философиясын жаздырып алышууда.

Ошол эле учурда алар биздин элдин жөнөкөйлүгүнө жана меймандостугуна таң калып баа беришип жатышты, мисалы, аларды аэропорттон жолуктурган такси айдоочусу Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн кыдырып көрсөтүп, шаардын тарыхы жөнүндө меймандарга айтып берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД