УКМК: Дизайнер Тарасенко динге каршы терс материалдарды жазган

УКМК маалыматы боюнча, кече күнү, 5-августта, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына Никита Тарасенко 2019-жылдын 10-апрелинде диний касташууну козуткан иш-аракеттери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн негизинде күбө катары сурак берди.

-Сотко чейинки өндүрүш ишинин ачылышына Н.Тарасенконун Facebook социалдык тармагында Ислам динине болгон терс мамилесин камтыган материалдарды бир нече жолу жазгандыгы негиз болду. Ал жазуулар интернет колдонуучулар арасында көптөгөн негативдүү пикирлерди жараткан", - деп айтылат маалыматта.

Ушуну менен бирге УКМК билдиргендей, мындай кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюууга багытталган чаралар толугу менен мыйзамга ылайык жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Тарасенконун суракка чакырууну алуусу, анын "Ош ОПГсы" карикатурасын чыгаргандан кийинки кызык кокустукка дал келип отурат. Анда президент Сооронбай Жээнбеков, парламенттин спикери Дастан Жумабеков, Салык кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана башкалардын сүрөттөрү тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД