Бишкекте дагы бир жаңы парк ачылат

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Түштүк магистралындагы жаңы парктын курулушун улантышууда. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, парктын ачылыш иштеринин аяктоосуна бир аз гана убакыт калды.

-Биз парктын кире беришиндеги арканы куруп жатабыз, анын сырткы көрүнүшүнө сары таштар колдонулмакчы. Шаардыктардын парк ичинде ыңгайлуу басып жүрүүсү үчүн 7000 чарчы метрине брусчатка төшөлүп, бордюралар орнотулду. Эс алып жана аңгемелешип отуруу үчүн 100гө жакын отургучтар жасалды.

Биздин кызматкерлер баардык иштерди аягына чыгарып бүтүп калышты, эми бир азы гана калды! Август айынын орто ченинде парк даяр болот, - деп түшүндүрүштү мэриядан.

Эске салсак, жаңы парктын аянты 10 га аймакты түзөт, аны куруу ишинин башталышы КР президенти Сооронбай Жээнбековдун жана шаардын мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда өткөн. Жаңы паркты куруу иши "Бишкек жашылдандыруу чарбасы", "Бишкек жарык берүү", "Тазалык" муниципалдык ишканалары аркылуу жүргүзүлүүдө. Практы куруу долбоору "Бишкек башкы архитектура" кызматкерлери тарабынан даярдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД