Дача-Судагы кылмышка ӨКМдин кызматкерлери шектелүүдө

Дача-Суда учак кулугандан кийин андагы жүктөрдүн арасынан телефондорду уурдоого ӨКМ кызматкерлери шектелүүдө. Бул жөнүндө жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

ИИМдин басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, чынында эле тергөө кызматында ушул маселе боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

-Сотко чейинки өндүрүш иши "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу" беренелери боюнча жүргүзүлүп жатат, - деп ИИМ түшүндүрүштү.

Бул иштин деталдары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарыла элек.

Бирок, үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 6 ӨКМ кызматкерине карата өлкөдөн чыгууга тыйуу салган чечими белгилүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД