Ошто Мелис Калыковдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат (видео)

Ош шаардык сотунун имаратынын жанында Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө шектелген Мелис Калыковдун тарапташтарынын, кесиптештеринин жана досторунун митинги өтүп жатат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына айыпталуучунун эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, бул митинг 3 күнгө же аны таркатып салышканга чейин өткөрүлө бермекчи.

-Бүгүн инимдин 2018-жылдын ноябрь айынан бери кыйноого кабылып, милициянын, прокурордун жана соттун негизсиз иш жүргүзүүсүнө каршы мөөнөтсүз ачкалык жарыялаганына эки күн болду. Аны колдоо үчүн биздин үй бүлөбүз толугу менен митингге чыкты. Биз инимдин массалык маалымат каражаттарына чыгуусун чектеп жатышканына да каршы болуудабыз, - деп түшүндүрдү Калыкова.

Эске салсак, мурда Дамира Калыкова VB.KG редакциясына билдиргендей, прокурордун өлүмү боюнча ишти алып барып жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяров Мелис Калыковдун адвокаттарын жана өзүн кошуп сот залынан чыгарып жиберген. Анын айтымында, судьянын мындай аракетинин себеби, ага карата бешинчи жолу ишенбөөчүлүктүн көрсөтүлүшү болгон.

-Судья Кудаяров ушул кезге чейинки 3 кылмыш ишинин фигуранты болуп келүүдө. Бул кылмыштары үчүн аны жалпы жонунан 82 жылга түрмөгө камаш керек болчу. Анан ушундай судьянын эркиндикте жүргөнүн кантип түшүнсө болот?, - деп суроо салды ал.

Ал ошондой эле КР Акыйкатчысына кайрылып, инисине жардам берүүсүн өтүндү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД