Кримтөбөл "Лимонти" жатак абакка которулду

Уюшкан топтун мүчөсү, "Лимонти" каймана аты менен таанымал криминалдык төбөл Алмаз Сулайманов жатак абакка которулду. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, аны Чүй облусунун Беловодское айылындагы № 16 түзөтүү абагынан Балыкчы шаарындагы жатак абакка которушкан.

-Анын которулушун негизи катары камактагы мөөнөтүнүн ¾ бөлүгүн өтөп бүткөнү себеп болгон. Комиссия анын ишин карап чыгып, жатак абакка которуу чечимин кабыл алган, - деп ЖАМКтан түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, ММКлардын маалыматы боюнча, "Лимонти" каймана аты менен таанымал криминалдык төбөл Алмаз Сулайманов Камчы Көлбаевдин уюшкан тобуна кирген.

Ал 2010-жылы оор кылмыштарды жасаганы үчүн, анын ичинен каракчылык, талап-тоноо, адамды уурдап акча талап кылуу беренелери боюнча айыпталып камакка алынган. Анын камактагы мөөнөтү 2023-жылы аяктоого тийиш болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД