Биринчи кыргыз-кытай аскердик үйрөнүүлөр КЭР жергесинде өтүүдө

Кытайдын Үрүмчү шаарында биринчи кыргыз-кытай "Кызматташтык-2019" аскердик үйрөнүүлөрү башталды. Бул тууралуу Синьхуа эл аралык агентствосу билдирди.

Аскердик үйрөнүүлөр эки өлкө ортосунда коопсуздук боюнча кызматташтыкты улантуу жана терроризм менен күрөшүүнү бекемдөө максатында өткөрүлүүдө.

КЭР аскер полициясы күчтөрүнүн жана КР улуттук гвардиясынын 150 аскер кызматкерлери терроризм менен күрөшүү, анын ичинен техникалык жана тактикалык жактан биргелешип аракет кылуу боюнча машыгууларга катышууда.

"Кызматташтык-2019" эки өлкө биргелешип өткөрүп жаткан биринчи аскердик үйрөнүүлөр болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД