№ 5 автобус каттамына байланышкан чатак уланууда

Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда Бишкекте УКМК кызматкерлери пара алып жаткан жеринен бишкектик тургунду кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, паракорду кармоо анын 3 миң доллар алып жаткан жеринде жүргүзүлгөн.

-К.А. жеке байлыкты көздөп, Бишкектин "Көлмө" конушун коомдук транспорт менен камсыздоодогу убактылуу көйгөйдү пайдаланып, жеке компаниянын ишмердигине байланышкан маселени чечип берем деп Бишкектеги ЖЧКлардын биринин директорун алдап, 7 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акчаны талап кылып жаткандыгы аныкталган, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Булактар VB.KG редакциясына билдиргендей, пара менен кармалган жаран бишкектик жүргүнчүлөр мекемесинин директору Нурлан Койчубаковдун досу болуп саналат. Кармоо учурунда ал ортомчу катары келгендигин айткан. УКМКда бул маалыматты расмий тастыкташа элек.

Белгилей кетсек, мурда мэрия "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясы менен келишим түзүп, бул фирмага Бишкектеги № 5 каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу укугун берүүнү убада кылган. Бул каттамды баштоого бир күн калганда мэрия келишимди бир тараптуу бузган.

Сүйлөшүүлөр жүрүп жана коомчулук нааразылык билдиргенден кийин, муниципалитет жеке айдоочуларга уруксат берген. Бирок, компания менен расмий келишимге ушул убакка чейин кол коюла элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД