Бишкекте алдамчылык менен 11 миң доллар алган жаран кармалды

Октябрь районунун ИИБ ыкчам тергөө тобу тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Бишкек шаарынын тургуну Октябрь районунун ИИБ арыз менен кайрылып, 2015-жылдын декабрь айында Америкага виза алууга жардам берем деп алдап, 4 миң доллар акчасына ээлик кылып алган Ж.А. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Ал убадасын аткарбастан, декабрь айында Чүй облусундагы Аламүдүн районунан жер тилкесин алып берем деген сунушу менен жабырлануучудан дагы 3 миң доллар алган.

Ал эми 2016-жылдын январь айында жабырлануучуга бир бөлмөлүү батирди арзан баада сатам деген сунушу менен анын 4 миң долларын алып качып кеткен. Бул адам ушул күнгө чейин жабырлануучу менен байланышкан эмес. Келтирилген чыгымдын жалпы баасы 11 миң долларды түзгөн.

Бул факт Октябрь РИИБ тарабынан КР Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Октябрь РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелген, 1984-жылы туулган Ж.А. кармалды. Октябрь райондук соту кылмышка шектүү жаранга карата КР Жазык кодексинин 98-беренеси боюнча бөгөт коюу чарасын карап чыгып, №1 убактылуу кармоочу жайга 2 айга камоо чечимин чыгарды.

Ошондой эле учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД