Атамбаевге эми күбө катары эмес, шектүү катары мамиле жасалат

Алмазбек Атамбаевди үч жолу күбө катары суракка чакырышты эле, ал үчөөндө тең келген жок. Эми ага күбө катары эмес, шектүү катары мамиле жасалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Белгилей кетсек, депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан абал боюнча республикада өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө талкуулап жатышканда, мамлекет башчысы Жогорку Кеңеште сөз сүйлөдү.

-Атамбаев жана анын тарапташтары ок атуучу куралды колдонуу менен курал көтөрүп каршылык көрсөтүштү. Алар укук талаасынын чегинен өтө эле чыгып кетишти. Тилекке каршы, бир нече адам жаракат алып, алган жаратынан күч структураларынын бир кызматкери курман болду. Бул аскердин кымбат өмүрү бийликтен, байлыктан же кандайдыр-бир саясий амбициялардан жогору турат, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, коомчулуктун сынга алып жатканына карабастан, бийлик кан төгүүгө жеткирбеш үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшады.

-Атамбаев тараптагылар ок атуучу курал колдонгонуна карабастан, атайын күчтөр тарабынан чыныгы октор колдонулган эмес. Кан төгүлбөш үчүн биз резина окторду колдондук. Мен мекендештердин каны төгүлгөндүн ордуна, бийликтин аброю түшкөнү туура деп эсептедим. Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, күнөөлүүлөр сөзсүз жазаларын алышат. Эгер кече күнгө чейин тергөөчүлөр Атамбаевди күбө катары чакырып келишсе, эми ага оор кылмышка шектүү катары мамиле жасалат, - деди Жээнбеков.

Кыргызстанда болуп жаткан окуя – көптөрү айтып жаткандай эки саясатчынын каршылашуусу эмес, мыйзам менен мыйзамсыздыктын каршылашуусу деп белгиледи ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД