Бүгүн Бишкекке Өмүрбек Бабановдун келиши күтүлүүдө

Бүгүн Бишкекке "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановдун келиши күтүлүүдө. "Республика" партиясынан VB.KG редакциясына билдиришкендей, саясатчы Москванын Шереметьево аба майданында паспорт көзөмөлдөө пунктунан өтүп, учакты күтүүдө.

Учак Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданына саат 14:40та келип конот.

Эске салсак, кече күнү "Республика" партиясынын уюштуруучусу, мурда президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов мекенинде толкундоолор жүрүп жатканда чет жакта байкоочу катары отура албастыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД