КСДПда Атамбаевдин партиялаштарынын камакка алынуусуна даярданышууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын партиялаштарын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү суракка алууда. Суракка Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова чакырылышты. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаеваны кече түнү эле суракка алышкан. Бүгүн ал кайрадан сурак берүүгө барды. Бирок, КСДПда башка адамдардын да камакка алынуусу мүмкүн экендигине даярданышууда.

-Бүгүн биз саясий кеңештин кеңешмесин өткөрүп, милдеттерибизди бөлүштүрдүк. Тактап айтканда, эгер биздин адамдарды кармай турган болушса, алардын ордуна кошумча орундар бөлүштүрүлдү, - деп түзүлгөн абалды VB.KG редакциясына Адиль Турдугулов түшүндүрүп берди.

Ал өзү Кундуз Жолдубаеванын милдетин аткарат, ММКалар менен байланышуу иштерин "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложников алып барат. Элдик штабды Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев башкарат.

Кече күнү, 8-августта аны да суракка алышкан. Сурактын бир бөлүгү соцтармакка чыккан. Анда кадр артындагы адамдын, тергөөчү болсо керек, өтүнүчү менен Сейит Атамбаев өзүнүн ысмын жана туулган жылын айтып жатканы көрүнөт. Сурактан кийин аны коё беришкен.

Андан тышкары Фарид Ниязовду да баш коргоо чарасы күтүп турат. Учурда ал 48 саатка кармалган.

Эске салсак, кече, 8-августта, ИИМ кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармашкан. Сот аны 26-августка чейин камакка алды. Экс-президентти суракка алып келүү үчүнчү жолку чабуулдан кийин гана мүмкүн болду. Анын үйүнө 7-августта жасалган алгачкы эки чабуул ишке ашпай калган. Бул операциянын жыйынтыгында "Альфа" атайын кызматынын 25 аскери денесинен жаракат алып, командиринин орун басары курман болгон. Атамбаевди коргогондордун арасынан да жаракат алгандар бар жана алардын ахывалы жакшы.

Кийинки күнү, 8-августта кезектеги жүргүзүлгөн атайын операциядан кийин, ИИМ жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаевди каршылык көрсөтпөөгө макул болууга көндүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД