Өмүрбек Бабанов Бишкекке келди (видео)

Бүгүн, 9-августта "Республика" партиясынын уюштуруучусу Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди. Аэропортто аны жүздөгөн тарапташтары жакшы маанайда күтүп алышты.

Аэропорттун имаратынын ичинен аны туугандары жана фракция боюнча коллегалары тосуп алышты. Анын көп сандаган тарапташтарын жана прессаны имараттын ичине киргизишкен жок.

Кийин аэропорттон эки автунаа чыгып, анын биринде отурган Бабанов тарапташтарына кайрылып, тынчтыкка жана туруктуулукка чакырды. Ал эми тарапташтары өз кезегинде ага карата ачылган кылмыш иштеринин жабылышына жетише тургандыктарын билдиришти.

Андан кийин Өмүрбек Бабанов алар менен коштошуп, шаарды көздөй жол тартты.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов өлкөгө эки жылдан бери келе элек. Президенттик шайлоодон кийин ал саясий карьерасын токтоткондугун билдирип, 2017-жылы 23-октябрда Бишкектен Москвага учуп кетип, ушул кезге чейин ал жакта жашап жүргөн.

Ага карата КР Жазык кдексинин 299- беренеси "Улуттук, расалык жана диний же регион аралык кастыкты козутуу" жана 297-беренеси " "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдына чакырык жасоо" боюнча эки кылмыш иши ачылып, кийин экинчиси токтотулган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бабанов Мекенине кайтып келип, тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген. Анын тарапташтары масштабдуу тынчтык митинги менен тосуп алууну пландаштырып жатышкан. Бирок, "үчүнчү күчтөр" чагымчылдык даярдап жаткандыгы себебинен, Москванын аэропортунан Бишкекке учуп келбей калгандыгын түшүндүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД