Кыргызстандыктардын Сириядан кайтып келишине республика даяр эмес

Кыргызстандын жарандарын Сириядан кайтып келүүсү боюнча Өкмөттүн чечими шашылыш кабыл алынгандай, деп эсептейт улуттук жана регионалдык коопсуздук, диний экстремизм жана терроризм боюнча адис Орозбек Молдалиев.

Эксперттин пикири боюнча, бул миссия жакынкы күндөрү аткарыла турган болсо, анда республика бир топ көйгөйлөргө туш болот.

-Биз аларды кайтарып алууга камынуудабыз. Ал эми алардын каалоосу барбы? Биз сөз кылып жаткан адамдар, албетте, де юре Кыргызстандын жарандары болгону менен, де факто – жок. Алар мифтик ислам мамлекетин куруу үчүн өлкөдөн чыгып кетишкен. Ооба, эми алардын кайтып келишин туугандары каалоодо. Буга айрым эл аралык уюмдар да кызыкдар, себеби, алар Сириядагы кыргызстандыктар качкындар менен бирге Европага жөнөй тургандыгын түшүнүп турушат. Мейли, биз аларды жакынкы убакта кайтарып алалы, анан өзүбүз массалык көйгөйлөргө туш келебиз. Алар кайсы жерде жашашат? Кайда иштешет? Алардын бир бөлүгүнө кылмыш иши ачылат. Муну алардын туугандары кандай кабыл алат? Булардын баардыгын эске алуу керек, - деди Молдалиев.

Андан тышкары эксперттин пикири боюнча, Кыргызстанда Сириядан келген качкындарды жайгаштыруу база жок.

-Алардын оюнда экстремисттик идеялар бар – алар халифатты курууга кетишпеди беле. Бизде бул ишти аткаруу боюнча ушундай уюмдар, мекемелер барбы? Бул адамдардын баары менен түшүндүрүү иштерин алып баруучу психологдор барбы? Мага белгилүү болгондой, мунун бирөө да жок. Кыргызстандыктарды Сириядан алып келүүдөн мурда, биз кылдаттык менен даярданып алуубуз керек, - деп сөзүн толуктады Молдалиев.

Эске салсак, кече жакында өкмөт билдиргендей, Ирактагы жана Сириядагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө. Бул маселе премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүнө алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД