Курсан Асановдун ордуна Памирбек Асанов дайындалды

Ички иштер министринин жаңы орун басарлыгы кызматына милициянын полковниги Асанов Памирбек Жумалиевич дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Памирбек Асанов буга чейин ИИМдин Тергөө башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Ал эми министрдин орун басары болуп эмгектенген Курсан Асанов ээлеген кызматынан "милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталып," премьер-министрдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД