Кыргызстандыктар "Десанттык взвод-2019" конкурсунда жеңишке жетишти

13-августта Псковдогу аскердик полигондо десанттык бөлүктөрдүн арасында бешинчи эл аралык "Десанттык взвод-2019" конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Ал азыр өткөрүлүп жаткан "АрМИ-2019" Эл аралык аскерлер үйрөтүүлөрүнүн алкагында уюштурулган.

Бул конкурска 21 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын командалары катышкан. Алардын ичинен жети команда аскердик машиналарда мелдешти (мында алтын медалды россиялыктар утту), төртөө анын ичинде Кыргызстандын командасы – парашют менен секирүү (жөө жүрүш жасоо), бул категорияда кыргызстандыктар биринчи орунду ээлешти.

Кыргызстандын командасыныны курамында жети аскер катышкан, алардын баардыгы (экинчи курстан бешинчиге чейин) армиянын генералы В.Ф. Маргелов атындагы Рязандагы жогорку аскердик-десант командалык училищада окушат – Ислам Нарынбеков, Кубат Бейшекеев, Эрдин Касымов, Акжол Аскаров, Элдос Абдрахманов, Дастан Ажыгулов, Дастан Сагынтаев.

Команданын башчысы Ислам Нарынбековдун айтымында, алар Абхазия, Ангола, Армения, Камбоджа, Мали, Түштүк Осетия, Түштүк Африка Республикасы, Судан, Тажикстан командаларынын аскерлери менен, взводдун курамында парашют менен секирүү, жерге түшкөндөн кийин бирге чогулуу, 10 км аралыкка марш-бросок жасоо боюнча мелдешке катышкан.

-Биздин жигиттер жакшы даярдыкты, жеңишке жетишүүдө эрктүүлүктү көрсөтүшүп, биринчи орунду жеңип алышты, - дейт Нарынбеков.

Жеңүүчүлөрдү жалпы зачет жана ар кандай көрсөткүчтөр боюнча сыйлоо РФ ВДВ жетекчисинин орун басары генерал-лейтенант Владимир Кочетковдун катышуусунда өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД