Курсан Асановго карата кылмыш иш козголду

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата кылмыш иш козголду. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, ишти Аскердик прокуратура тергеп жатканын булактар билдиришти.

"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов 2019-жылы 7-8-августта коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна бир нече жолу Ички иштер министринин талаптарын жана көрсөтмөлөрүн тоотпой, ошондой эле министр менен макулдашпай, укугу жок болсо да өз эркинче чечим кабыл алып, ички иштер органдарынын өздүк курамын коркунучка кабылтып, командасыз калтырган, ошону менен бирге курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду", - деп айтылат маалыматта.

Соттук иликтөөнүн корутундусун карап чыгып, чогултулган материал Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү Аскердик прокуратурага тапшырылды.

Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөр арасынан тергөө тобу түзүлүп, тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, кече күнү, 13-августта Курсан Асанов ИИМ министринин орун басары кызматынан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД