Бишкекте № 6 автобустун багыты өзгөртүлдү

Шаардык жашоочулардын көптөгөн өтүнүчү боюнча "Бишкектин жүргүнчүлөр ташуучу автранспорт" ишканасы № 6 муниципалдык автобустун багытын узартты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эми Көк-Жар конушунан чыккан №6 автобустар Достоевский көчөсү аркылуу Анкара көчөсүнөн Туңгуч кичи районуна чейин каттап баштайт.

Эске салсак, буга чейин бул автобустар Ак-Ордо-Көк-Жар конушу багыты боюнча каттачу.

Автобустун жүрүшү боюнча 0312 53 48 24, 53 18 17 телефон номерлерине чалсаңар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД