Асановдун иши: Жунушалиев муну өз кызыкчылыгы үчүн жасаганбы?

Курсан Асановдун адвокаты иликтөө иши жүрүп жаткан учурунда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматынан четтетип туруу өтүнүчү менен КР президентине жана премьер-министрине кайрылды.

Кече күнү Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов өзү жактоого алган адамына карата тергөөнүн кандай жүрүп жакандыгы жөнүндө билдирүү жасады.

Ал белгилегендей, 14-августта Аскер прокуратурасынын сурагы жана Курсан Асановдун батиринде тинтүү учурунда жеке өзү катышып жана Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоого себеп болгон КР ИИМ кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу менен таанышып чыккан.

-Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жана анын жыйынтыктары өтө эле шашылыш түрдө чыгарылган. Ал тийиштүү түрдө негизделген эмес. Атап айтканда, мен жактаган адам жана башкалар тарабынан түшүндүрмө суратылган эмес. Кызматтык иликтөөнүн корутундусунан, Курсан Асановду кызматтык кылмыш жасагандыгы боюнча айыпташууда. Ал эми бул корутундуну тергөө жолу менен тийиштүү түрдө текшербей туруп, ММКларга жарыялап, Ички иштер министри өзү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ички иштер органдарынын ишмердигин жөнгө салуучу укуктук актыларды бузуп отурат.

Мен Кашкар Жунушалиев муну өз кызыкчылыгы үчүн жасап, кызматтык милдетин профессионалдуу аткара алган өзүнүн орун басарын жаманатты кылуу үчүн жасады деп ойлойм. Ушуну менен бирге Курсан Асановдун укуктук жана мыйзамдык кызыкчылыгына жана милициянын кадыр-баркына түзөлбөс зыян келтирилди.

Ушуга байланыштуу мен иликтөө иши жүрүп жаткан учурда, башталган тергөө ачык жүргүзүлүшү максатында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматынан четтетип турууу өтүнүчү менен КР президентине жана премьер-министрине кайрылам. Анткени кызмат абалынан пайдалануу менен бул иште күбөлөр катары азыр кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине кысым көрсөтүлүш мүмкүн, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 13-августта Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан "милициянын кызыкчылыгын саткандыгы" жана "ишенимди жоготкондугу" үчүн боштулган. 14-августта аны Аскер прокуратурасына суракка чакырышкан. Башкы прокуратура өз кезегинде Кусан Асановго карата КР Жазык кодексинин 320-беренеси боюнча (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД