Өкмөт электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү пландаштырган жок

Өкмөт келерки жылы электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү пландаштырган жок. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңештин унаа, курулуш жана архитектура Комитетинин жыйынында, 2020-жылдын бюджетинин долбоорун талкуулоо учурунда депутат Марат Аманкуловдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Марат Аманкулов белгилегендей, өкмөт энергетика объектилерин реконструкциялоо жана куруу боюнча долбоорлорун ишке ашырууда инвесторлорду табууну пландаштырып жатат.

-Инвестиция тартууну жогорулатуу жагын кантип пландаштырып жатасыңар? – деп кызыгуу менен сурады депутат.

-Бизнес-омбудсмендин институту иштей баштады, андан тышкары биз соттордогу мүлк боюнча талаштарды чечүү процедураларын жеңилдетүүнү пландаштыруудабыз, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам кабыл алынды, - деп жооп берди экономика министрлигинин өкүлү.

-Тактап айтканда инвестиция тартууну жогорулатууда тарифтерди көтөрүү пландаштырылган жокпу?

Экономика министри бул суроого жок деген жоопту кайтарды.

Марат Аманкуловдун айтымында, Кыргызстанда тарифти көтөрбөй туруп энергетикада инвестициялык климатты жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү мыйзам кабыл алынган, бирок, өкмөт мыйзамга тийиштүү актыларды иштеп чыгууну создуктуруп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД