Минскидеги ири курулуштун артында Бакиевдердин үй бүлөсү турушу мүмкүн

Минск шаарынын ортосунда казино жана дүкөндөрү бар ири курулуш, Кыргызстандын мурдагы качкын президенти Курманбек Бакиевдин үй бүлөсү тарабынан жүргүзүлүп жатышы мүмкүн.

Кийинки жылы Минск шаарындагы "Динамо" стадионунун жанында Centropol комплексин ачуу пландаштырылууда. Шаардын Свердлов жана Ульянов көчөлөрүнүн кесилишиндеги ар кандай бийиктиктеги имаратта казино, медициналык, балдар жана көңүл ачуу борборлору, дүкөндөр, кафе-ресторандар жайгаштырылмакчы.

Бул курулуш комплексине жумшалган инвестициялык долбоордун өлчөмү 80 млн долларды түзөт.

Курулушту "Гермес Контракшн" чет өлкөлүк курулуш компаниясы жүргүзүп жатат. Шаардын бийликтери менен инвесткелишим 2011-жылы эле түзүлгөн, бирок, курулуш мөөнөттөрү куруучунун өтүнүчү менен жылыштырылган. Адегенде бул жерге мейманкана курууну пландаштырышкан.

Белоруссиянын юридикалык жакты жана жеке ишмерлерди мамлекеттик бирдиктүү каттоо кызматы тарабынан берилген көчүрмөсүнө ылайык, "Гермес Констракшн" 100% кипрлик D-Business Solutions Limited компаниясына таандык.

Кипрлик каттоого ылайык, D-Business Solutions Limited компаниясы 2009-жылы ноябрь айында катталып жана Norline Development (2,5%), Reamare Investments Limited (17,5%) жана Forpaton Resource LP (80%) үч компаниясына тийиштүү болуп саналат.

Norline Development өз кезегинде Доминиканда офшордук компания катары катталган. Reamare Investments Limited Кипрде катталып, анын кожойуну катары Израилдин жараны Дэн Смоляк болуп эсептелет.

Ал эми Forpaton Resource LP Шотландияда катталган. Бул фирмадагы таасирлүү адам катары Белоруссиянын 25 жаштагы жараны Руслан Петров боло тургандыгын, британиялык каттоо маалыматы күбөлөндүрүп турат.

Руслан Петровдун өзү ким?

Бул фамилиянын артында Руслан Бакиев – Курманбек Бакиевдин небереси жашырылган деп божомолдоп айтууга негиз бар.

Мында Бакиевдердин үй бүлөлүк фотосүрөтү көрсөтүлгөн. Курманбек Салиевич биринчи жубайы менен ортодо турушат, анын оң жагында – уулу Марат жубайы менен, жанында небереси Руслан турат. Марат Бакиев УКМК төрагасынын жардамчысы болгон. Анын жубайынын – улуту орус, ысымы Светлана.

Ал эми мында 1994-жылы туулган (британдык каттоодо көрсөтүлгөндөй) Руслан Петровдун фотосүрөтү, анын Facebookтагы аккаунтунан алынган. Руслан Петровдун досторунун арасында Максим Бакиев деген ысымдагы адам да кездешет.

Linkedin тармагында көрсөтүлгөндөй, Руслан Петров 2010-2015-жылдары Белмамуниверситетинде дүйнөлүк экономика боюнча окуган.

2010-жылы БМУ эл аралык факультетинде дүйнөлүк экономиканы окууга өткөн студенттердин тизмесинде Руслан Петров деген студент жок болгону менен, Бакиев Руслан Маратович деген студент катталган.

Бирок, кийинки жылы Руслан Маратович факультеттин сайтындагы публикацияларда Петров деген фамилия менен эске алынат. Мына, мисалы, Руслан Петров экономикалык викторинада катышып жүрөт. Анын командасы жеңүүчүлөрдөн болгон.

Ошол эле 2011-жылы Руслан Петров дзюдо боюнча университеттик мелдеште үчүнчү орунду ээлеген.

2014-жылы Руслан Петров стратегиялык менеджмент боюнча илимий-практикалык конференцияда англис тилинде доклад окуган. Ал эми 2015-жылы дипломдук ишти студент Руслан Петров "Белоруссиялык бренддердин эл аралык рыноктордо атаандаштыгы" темасы боюнча жазган. Петровдун илимий жетекчиси белгилүү белорус экономисти Михаил Залесский болгон.

Naviny.by Руслан Петров менен байланышууга аракет кылган, бирок, ал өз карамагындагы кызматкерлери аркылуу, "Динамо" стадионуна эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Naviny.by маалыматы боюнча, Centropol долбоору менен, анын атасы Марат Бакиев алектенет.

Белоруссиялык документтер боюнча Курманбек Бакиевдин небереси башка бизнести жүргүзөт. Белоруусиянын БМК көчүрмөсүнө ылайык, Руслан Маратович Петров "Белхантер-Инвест" ААКнын теңтүзүүчүсү болуп эсептелет. Бул уюм ушул жылы март айында жеке жана ижарага берилген кыймылсыз мүлк менен алектенет.

Бул бизнесте Руслан Петровдун өнөктөшү болуп, Белоруссиянын панкратион жана жеке таймаш федерациясынын төрагасынын орун басары, бизнесмен Андрей Шихлин эсептелет. Ал Kiroff Center бизнес-борборун курган.

"Гермес Констракшн" жана "Белхантер-Инвест" кеңселери ушул бизнес-борбордо бири-бирине жакын жайгашкан. Ошол эле жерде Андрей Шихлиндин "Парагис" компаниясы да орун алган. Жакында ал мурдагы бизнесмен Юрий Чиждин компаниясына тиешелүү болгон Arena City соода борборун сатып алды.

Кенже-Бакиев фамилиясын алмаштыргандардын биринчиси эмес

Naviny.by мурда жазгандай, Бакиевдердин үй бүлөсүнүн Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясында да үлүшү бар. Бул корпорация мамлекет менен биргеликте, 628 млн долларлык кытайлык жеңилдик берилген кредитке Пухович районунда аминокислот жана комбикорм жасап чыгарган завод куруп жатат.

Шотландиялык Altastar LP жана Maxfors LP компаниялары аркылуу Кыргызстандын качкын президентинин жээни Асылбек Салиев БУБКнын 22,5% көзөмөлдөп турат. Корпорациянын директору болуп, Кыргызстанда мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов катары таанылган, Белоруссиянын жараны Даниил Урицкий эсептелет.

2010-жылы Кыргызстанда 84 адамдын өмүрүн алган революциядан кийин, Бакиевдер өлкөдөн качып кетишип, Белоруссияда отурукташып калган. Бул үй бүлөнүн мүчөлөрүнө, өз мекенинде адамдарды өлтүрүүгө жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга катышкандыгы үчүн өмүр бою же узак мөөнөткө эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Кыргызстан бир нече жолу Бакиевдерди экстрадициялоону талап кылган, бирок, Белоруссия баш тартып келүүдө.

Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич "Свобода" радиосуна билдиргендей, Кыргызстандын мурдагы президентинин үй бүлөсү өлкөдөн 200-300 млн долларды чыгарып кетишкен. Азыр Гуревич Бакиевдердин үй бүлөсүнүн коррупциялык схемасы жөнүндө китеп жазып жатат.

Булак: naviny.by


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД