Фарид Ниязовду камакта калтыруу мөөнөтү узартылды

Кече күнү, 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун камакта калуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу КСДП саясый кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Фарид Ниязов № 1 тергөө абагында 2020-жылдын 9-февралына чейин кармалат.

Андан тышкары, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кыяз Смаиловго, Амантур Жамгырчиевге да ушундай эле бөгөт чарасы тандалды.

Эске салсак, Фарид Ниязовго 7-8-августта Кой-Таш аыйылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүндө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД