ЖК комитети элчилик кызматка Бекназаровдун талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин колдоду.

Комитеттин 12 мүчөсү Азимбек Бекназаровдун талапкерлигине макулдугун беришсе, депутат Ирина Карамушкина каршы болду.

Эми бул маселе парламенттин кароосуна жиберилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД