Кыргызстанда канча унаа расмий катталган (инфографика)

2012-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-октябрына чейин мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан 1 487 174 унаа бирдиги каттоодон өткөн. Бул боюнча МККнын пресс-кызматы билдирди.

"Унаа" мамлекеттик мекемесинде 2020-жылдын 9 айында 213 269 унаа катталган, алардын ичинде чет өлкөлөрдөн келген, ээсин жана республиканын ичинде аймакты алмаштырган, ошондой эле чек өлкөгө же эсептен чыккан унаалар. 2019-жылдын ушул мезгил аралыгында автомотоунаа каражатты (АМУК) документтештирүү боюнча 308 908 кызмат көрсөтүлгөн, бул ушул жылга салыштырмалуу 95 639 даанага аз.

Жылдар боюнча динамика:

2012 – 118 520 даана АМУК,

2013 – 145 209 даана АМУК,

2014 – 155 989 даана АМУК,

2015 – 93 772 даана АМУК,

2016 – 101 886 даана АМУК,

2017 – 137 697 даана АМУК,

2018 – 344 550 даана АМУК,

2019 – 440 011 даана АМУК,

2020-жылдын 9 айында - 213 269 даана АМУК катталган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, унаа каражаттарын каттоонун динамикасындагы эң жогорку өсүш 2018-2019-жылдарга туура келет. Бул "Коопсуз шаар" долбоорунун Кыргызстанда жүзөгө ашырылышына байланыштуу, себеби бардык унаа ээлери башкалардын айып пулдарын албаш үчүн өз кыймылдуу мүлкүн өзүнө, ал эми сатылган унааларды жаңы ээлерине каттоодон өткөрүшкөн. Мындан тышкары, 2018-жылдын июль айынан баштап транспорттук каражатты кайра каттоодон өткөрүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү тарифтик торчо боюнча баанын 1% дан 0,3% га чейин төмөндөдү.

Белгилей кетсек, МКК транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрүн документтештирүү жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жол-жоболорун автоматташтырган жана жөнөкөйлөштүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД