Кыргызстанда 2 млрд. доллар түрк инвестициясы бар

VB.KG интернет-басылмасы "В TRENDe" теледолбоорунда жарык көргөн Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен болгон маектин тексттик толук версиясын жарыялайт:

Кыргызстанда октябрда болуп өткөн окуяларды Түркияда кандай кабыл алышты?

Акыркы парламенттик шайлоодон кийин бул жакта бизге белгилүү окуялар болуп өттү, айта кетсек - өзгөчө 5-6-октябрда.Түркия бул окуяларга жакындан көз салып турду. Ошону менен катар Түркиянын басма сөзүнөн да мага суроо жибергендер да болду. Түрк эли эмне болуп жатат, деп абдан сар-санаа болуп, сурап жатышты. Албетте, бул жакта демократиялык система болгондон кийин мындай нерселердин болушу кадимки көрүнүш катары кабыл алынышы керек.

Анткени республиканын түзүлгөнүнө 30 жыл болду, мындай нерселер бардык эле өлкөлөрдө болушу - күтүлгөн нерсе. Мисалы, Түркияда мурда парламенттик система болчу, андан кийин президенттик системага өткөн. Учурда да президенттик система жакшыбы же парламенттик система жакшыбы, деген тартыш азыркыга чейин уланып келе жатат. Кыргызстанда кандай башкаруу системасы болуш керектигин эл чечиши керек.

Албетте, мунун баары элдин чечими болуп эсептелинет, ошондуктан мындай процесстер өтүп турат. Октябрь окуяларында мага эң жаккан нерсени белгилеп кетким келет. Ошондой тополоң болуп турган учурда эл өзү көчөлөрдө имараттарды, объекттердин баарын өздөрү коргоп жатты. Мен муну Анкарадан да айттым, журналисттер сураганда. Бул жакшы көрүнүш экенин билдирип кетким келет. Мындан сырткары, мен айткандай, бул демократиялашуу процесси болгондуктан, кандай башкаруу системасы болоору, бул элдин чечими болуп эсептелинет. Мисалы, Кыргызстанда жакында 10-январда президенттик шайлоо болоору күтүлүүдө. Шайлоого 48-49дай талапкер катышууда. Алардын бирөө президент болот. Балким жаңы өкмөт түзүлүшү мүмкүн. Бирок кандай гана болбосун түрк эли дайыма кыргыз элинин жанында болууну уланта берет.

Кээ бир эксперттеринин айтымында, айрым өлкөлөр Кыргызстандын жаңы бийлигине ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат. Бул жагынан учурда Түркиянын Кыргызстанга болгон мамилеси кандай?

Жаңы түзүлгөн өкмөттүн ичине кирген тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, силер билгендей, жакында эле Түркияга барып келди. Ал жактан да Түркиянын тышкы иштер министри менен жолукту, ал аны куттуктады. Ошону менен катар Жогорку Кеңештин төрагасын да биздин парламенттин төрагасы куттуктады. Болгону азыркы учурда Кыргызстанда президенттик шайлоо болот, биз ошону күтүп жатабыз, андан тышкары азыркы учурда өкмөттөр арасындагы кызматташтык мурункудай эле улана берет.

Кызматташтык боюнча, 2018-жылы Кыргызстан Түркиянын мамлекеттик "Маариф" фондуна билим берүү борборлору жана мектептер үчүн жер бөлүп берүү ниети бар болчу. Бул боюнча жылыш барбы?

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде, президенттер жолукканда "Маариф" фонду боюнча сөз болгон. Түркия билим берүү тармагында Кыргызстанга көрсөткөн жардам катары бул иштер уланып келүүдө. Мисалы, бул долбоордун ичинде Кыргыз-түрк "Манас" университети да бар. Ал жерде медицина факультетин ачуу пландалууда. Ал жакты, буйруса, мындан да жакшы өнүктүрүп, абдан чоң университет кылууну көздөп жатабыз. Мындан тышкары ошол эле университеттин республиканын ар аймактарында факультеттерин ачуу же ал жакта жайгашкан университеттер менен кызматташуу аркылуу иш алып баруусун да пландап жатабыз. Ошондой эле билим берүү тармагындагы чоң долбоорубуздун бири – бул мамлекетке караштуу "Маариф" фонду. Бул долбоордун алкагында биринчи кезекте биз Бишкек шаарынан баштап мектептерди ачууну, республиканын бүт аймактарында бала-бакчадан баштап, лицейге, жогорку билим берүүгө жайларына чейин сапаттуу билим берүү мекемелерин ачууну көздөп жатабыз. Ал жакта билим берүү кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде болот. Анда бассейн, спорт залдар курулуп, ар кандай ийримдерге да көңүл бурулган. Бул фонддун иш алып баруу боюнча мурунку өкмөт менен да иш жүргүзүлгөн. Акыркы жолкусунда азыркы тышкы иштер министри Түркияга барганда "Маариф" фонду боюнча келишимге кол коюлду.

Бул жерде маанилүү бир нерсе айтып кетсем – биз Кыргызстанга бул тууралуу сөз бергенбиз. "Маариф" фонду ачкан мектептер албетте акча төлөп окуй турган мектептер болот. Бирок ал жакта төлөй турган акча кымбат болбойт. Андан тышкары муктаждыгы болгондорго стипендия берилип турат, бирок белгилеп кетчү нерсе, "Маариф" мектептеринде, мисалы, биз бир сом киреше тапсак, ал бир сомду ошол эле мектептер үчүн, алардын каржысына жумшайбыз. Тапкан кирешеге дагы бир мектеп, 2-мектеп, 3-мектепти каржылайбыз. Андан кийинки өнүгүүсүнө жумшалат деген сөз. Башкача айтканда кирешенин бир сому да Түркияга чыгарылбай, Кыргызстандын өзүндө калат. Бул Түркиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясы болуп эсептелет.

Кыргызстандагы окуялар түрк инвесторлорун качырган жокпу, бул боюнча маалыматыңыз барбы, балким келе тургандар артка тартышты?

1991-жылдын аягында 1992-жылдын башында Түркиянын элчилиги Кыргызстанда ачылган биринчи элчиликтердин бири. Сиз билгендей, бир эле элчилик ачпай, түрк ишкерлери да Кыргызстанга келип баштаган. Мисалы, азыр биз бардык жерде түрк товарларын көрө алабыз. Инвестиция келип жатат. Биз инвестициялар катары жалгыз эле Манас университетин, "Достук" ооруканасын ачуу менен чектелген жокпуз, түрк ишкерлеринин Кыргызстанга алып келген акчасы жалпылап алганда 1 миллиард долларды ашты. Андан тышкары экономиканы өнүктүрүү тармагына берилген жардам да 1 миллиард долларга жакын. Жалпылап айтсак бул жакта 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү инвестиция бар. Мисалы, 2005-жылы октябрдагыдай окуялар болгон, 2010-жылы болгон, 2020-жылы да болду. Бирок түрк ишкерлери бул жактан чыгып кеткен жок. Биз бир тууган калкпыз. Биз жаңы өкмөт менен да, эски өкмөт менен да мурунку кызматташтыкты уланта беребиз. Кыргызстанда болгон окуялар бардык жерде эле кездешет. Бул жакта инвестиция тармагындагы эң маанилүү нерсе бизнес-чөйрөсүнө салган инвестициянын коргоого болгон кепилдиктин болушу. Мисалы, сиз президент болсоңуз, мен сизге барып айтам, биздин бир жатырымыбыз бар, сиз ошону коргоп бересизби, деп. Президент коргоп берсе, албетте, инвестициялар келет, өнүгүү болот. Коргоо болбосо, инвесторлор өздөрү кете баштайт. Ошондуктан биздин ивесторлор жагынан алганда эч кандай маселе жок. Албетте октябрь айында маселелер болду, бирок азыр көйгөйүбүз жок. Түрк компаниялары өз иштерин улантып жатышат. Жана башка түрк компаниялар инвестиция салууну көздөшүүдө. Болгону азыр өтө турган президенттик шайлоону, жалпы элдик Референдумду, парламенттик шайлоолорду күтүп жатабыз. Андан кийин инвесторлор өздөрүнүн иштерин уланта беришет.

Пандемиянын биринчи толкуну учурунда Түркия Кыргызстанга олуттуу жардам берди. Эпидемия учурунда Түркиянын өзүнө канчалык кыйын болду?

Ковид-19 илдети – бул өкүнүчтүү. Бардык өлкөлөр бул илдет менен күрөшүп жатышат. Коронавирус жаңы башталган учурда Кыргызстанда иштеген түрк ишкерлери элчиликтегилер менен биргеликте өзүбүз акча чогултуп, карантинде врачтарга, милиция кызматкерлерине бул жактагы түрк кафелерден тамак-аш даярдап, күнүнө 600 кишини 15-20 күн ысык тамак менен камсыздап жардам бердик. Андан кийин түрк ишкерлери менен элчиликте иштегендер акча чогултуп концентраторлорду сатып бердик. Кыргызстандагы чоң-чоң ишкерлер дагы акча чогултуп жүздөгөн концентраторлорду Кыргызстанга алып келишти. Мамлекет тарабынан көрсөткөн жардамды айтсам, кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы ковид менен ооругандарга даярдалып берилди. Ал жак баардык заманбап технологиялар менен жабдылган жана оорулуулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн оорукана болуп эсептелет. Мындан тышкары Түркия тарабынан Кыргызстанга чоң жардам көрсөтүлдү. Жакында эле тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга барганда Түрк кеңеши менен болгон жолугушууларда Түркия Кыргызстанда ковид-19га каршы болгон бардык муктаждыктарды камсыздоо үчүн баардык жардамды берүүгө даяр экендиги айтылды. Бул жакта да даярдыктар жүрүп жатат. Эгер жардам керек болсо, Түркия жардам берүүгө даяр.

Дагы кошумчалап кетким келет, бул жакта иштеген "Түрк аба жолдору", "Пегасус" компаниялары менен биргеликте кыргыз тарап менен Түркиядагы кыргыз жарандарын бул жакка, Кыргызстандагы түрк жарандарын Түркияга алып кетүү боюнча иш аткардык. Бул жакта билим алып жаткандар бар, Түркияда окуган кыргыз студенттер бар, аларды мекенине жеткирдик. Азыр бардык жерде билим алуу онлайн, үйлөрүнөн окуп жатышат. Ошентип эки өлкө макулдашып, жарандарды эки жакка жеткирдик. Миңдеген кыргызстандыктар кайтып келишти. Ошол күндөрү биз эки өлкө ортосундагы көпүрө болуп бере алдык.

Массалык маалымат каражаттарында Түркияда түрк элдеринин бирдиктүү армиясын - Туран армиясын түзүү идеясы жөнүндө жазып чыгышкан. Бул идея канчалык реалдуу деп ойлойсуз?

Албетте, бул жомок. Андай эч нерсе жок. Бул божомолдор орус медиасында чыгып жатат окшойт. Туран армиясы деген сөздөр Тоолуу Карабахтан улам чыкса керек. Азербайжандагы окуя боюнча алардын жанында болуп, колдоп турдук. Анткени Тоолуу Карабах жана анын тегерегиндеги аймак Бириккен улуттар уюму тарабынан каралган укуктук жактан алганда да Азербайжанга тиешелүү аймактар катары эсептелинет. Азербайжандын жанында болдук дегенибиз, албетте, алар бизден курал-жарак сатып алышты, жалгыз эле бизден эмес, башкалардан да алып, куралданды. Россиядан да сатып алышты. Бул жагынан алып караганда Туран армиясын түзүү боюнча айтылгандар апыртылган нерсе деп айтат элем. Ал эми Түркиянын Кыргызстан менен кызматташтыгын айтсам аскердик жана каржылык кыматташтык боюнча – Кыргызстанга өткөндө эки бензовоз, эки чатыр берилди.

Мындайча айтканда альпинисттик жабдыктар берилди. Бул керектелүүчү кичинекей, жеңил нерселер. Аскер техникалар, ошол эле танкалар, самолетторду Түркия берет деген, мындай эч нерсе жок. Биз кичинекей муктаждык болсо, ошону эле беребиз, анткени Кыргызстандын коопсуздук жагынан өзүнүн түзүлүштөрү, бириккен уюмдары бар. Ошондуктан биз ушундай кызматташтык жүргүзүп келебиз. Сиз дагы, Россия дагы ойлонбой, тынч уктаса болот. Туран армиясын түзүү боюнча ой жок. Андай эч нерсе жок.

Расмий Анкара Тоолуу Карабахтын айланасындагы кырдаалды тынчытууда чоң роль ойноду. Мунун келечеги кандай болот?

Азыркы учурда, билесиздер, Тоолуу Карабах боюнча от атышпоо боюнча макулдашуу кабыл алынды. Ошондой эле Азербайжан бошотулган аймактарды өзүнө ала баштады. Дагы бир жолу белгилей кетчү нерсе – Тоолуу Карабах Азербайжанга укуктуу жактан тиешелүү аймак. Түркиянын Азербайжанды кодоосу – бул эки түрк мамлекети. Бул жерде башка нерсени кароого, издөөгө болбойт. Бул жагынан Азербайжан Түркияга муктаж болсо, Түркия жардам көрсөтүүгө даяр. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдө Түркия байкоочу миссияны аткарууда, башка сүйлөшүүлөр да болуп жатат, ал боюнча маалыматым жок.

Түрк жарандарынын көпчүлүгү Осмон империясынын кайра жаралышы боюнча кыялданат деген чынбы? Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

Эгер Осмон империясы жөнүндө айта турган болсок, анда тарыхка сельджук, караханиддерге чейин кетишибиз керек болуп калат. Бул аймактарда бири-бирибизге жакын элдер жашайбыз, ошол эле Афганистанга барсак, тамырынан түрк эл болуп чыга келет, кыргыз, казак, өзбектердин да түп-тамыры түрк. Жалпылап айтканда, баардыгы бир атадан, түбү бир, маданияты бир, биз баарыбыз бири-бирибизге жакынбыз. Аткарып жаткан иштерибизди уюм катары айтсак - түрк тилдүү элдердин кызматташтык кеңеши бар. Ал жакка жакында Өзбекстан менен Венгрия мүчө болду. Түркмөнстан кирет, деп күтүп жатабыз. Бул жагынан илим, билим, экономика социалдык, маданий тармактар боюнча кызматташтык жүрүп жатат жана жүрө берет. Ал эми империя боюнча, Туран армиясын куруу деген нерселер апыртылган нерселер. Түркия дайыма бир маселе болсо, жанында болууну уланта берет. Ошол эле Чыгыш Жер ортолук деңизиндеги маселелер, Азербайжан, Крым же Сирия боюнча Түркиянын айта турган сөздөрү бар жана ар дайым үн катып келет. Бирок Осмон империясын курабыз, деген ой жок.

Сиздин оюңуз боюнча түрк дүйнөсүнүн мындан ары өнүгүүсү кандай болот?

Түрк дүйнөсүнүн жаркын келечеги бар, деп ойлойм. Түрк дүйнөсүнүн аймагында жаш, сабаттуу муун өсүп келе жатат. Ошол эле Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан болобу, Евразия континентинин чок ортосунда орун алган өлкөлөр катары абдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр деп белгилеп кетким келип жатат. Анткени географиялык гана жактан эмес, акыркы учурларда Азиянын экономикалык, саясий жактан борборуна айланып баштады. Алардын ичинде Кыргызстан да бар. Ошол үчүн түрк дүйнөсүнүн келечеги жаркын деп ойлойм.

Кыргызстандын келечегин кандай көрөсүз?

Мен үч жылдан бери Кыргызстандамын. Кыргызстандын келечеги кең, деп белгилеп кетким келет. Элинин калкы алты жарым миллион. Бир миллиондон ашыгы чет жакта. Сырттан да кирешелери бар. Тоо-кен тармагы, мал чарбачылык, табигый айыл-чарба продукциясынын өндүрүшү бар. Туризм жагынан жайкы да, кышкы да сезондор бар. Алар кирешелүү. Эли да аракетчил жана сабаттуу. Жаштар басымдуу бөлүгүн түзөт. Текстиль тармагы да өнүгүп келе жатат. Фабрикалар курулуп баштады. Бул жагынан баары бар. Мен мындайча айтаар элем – Кыргызстанда картошка, эт, помидор, эт, суу, казаны бар, алардын баарын ылайыкташтырып, келиштирип аралаштырып сонун шорпо кылып алуу кыргызстандыктардын өздөрүнүн колунда. Келечегиңер – өз колуңарда!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД