"Бүгүнкү дебаттар идеялардын атаандаштыгы эмес, чукушмай, майда-чүйдө хайп"

Бүгүнкү күндө коомдо шайлоо алдындагы дебаттарды өткөрүүнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө пикирлер көп айтыла баштады. Дебаттар талапкерлердин программаларын талкуулоонун ордуна, жеке мамилелерди "чечишүү" аянтчасына айланды. Ушундай ой-пикирин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында акыркы парламенттик шайлоодо дебаттарга катышкан "Кыргызстан" партиясынын өкүлү Алмаз Раимбеков билдирди.

Анын айтуусу боюнча, дебаттарда көбүнчө убакыт "чукушмайларга" эле кетип калат.

"Биздин дебаттар, менимче, мектеп окуучуларынын суроо-жооп форматы, жана эч кандай талкууга мүмкүнчүлүксүз болду. Албетте, күнөөлүүнү издебейм, болгону кантип мамлекетти реформалоо, жаңылануу, жакшыртуу тууралуу ой-пикириңди 10-15 минутада сунуштай аласың? Болгондо дагы формат ар бир темаңды үзүп-үзүп толук да айтууга мүмкүн эмес.

Макул эгерде ушул берилген убакыттар дагы максаттуу колдонулсачы?!

Ажыкыстанып, чукушуп, отуруп убакыт кетет. Дебаттын катышуучуларынын, дебат маданиятынын дагы да чийки экенин коом даана көрдү. Акырында шайлоочулар мамлекетти өзгөртө турган, өлкөнү башкара тургандардын пикир, ой талашуусун эмес, бирин-бири кантип чукуйт экенин күтүп отуруп калышты.

Айла жок анан ким катуураак кыйкырып, ар кандай популисттик чакырыктарды жасагандардын "эркек", "бетке айтты", "жарып салды", "оозду ачты" деген аталыштагы макала, видеороликтерине күбө болуп отуруп калдык.

Бизде дебат канчалык деңгээлде дебат өткөрүү талаптарын туура келет? Деги эле шайлоочулар дебаттын негизги максаты менен таанышпы?

Программалык, ой-пикирлердин атандашуусу эмес, жеке адамдардын, майда-чүйдө хайптардын талкуусуна айланганы, мени мындан ары мындай форматтагы дебаттарга катышууга көңүлүмдү калтырган. Кана кайсыл дебат катышуучусу, өз позициясын бекемдеп, оппоненттердин позициясын, сунушун жокко чыгарды?

Болгону чукушмай, сен тигил - мен бул болду!" - деп Раимбеков жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД