Кадамжайдагы айылдарды суу каптады (сүрөт)

Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагында 6-май күнү болжол менен түнкү саат 23:13 чамасында Кайтмас, Өрүкзар айылдарына суу каптоо коркунучу жаралган.

Кооптуу аймактан болжол менен 1500 жаран көчүрүлгөн. 7-май күнү болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында суунун деңгээли төмөндөп, каптап кетүү коркунучу жоюлгандыгына байланыштуу жарандар өз үйлөрүнө кайтышты.

Жеринде ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, "Сел жана Суу ташкындарынан коргоо" мамлекеттик агенттигинин Баткен боюнча бөлүмүнүн башчысы, Кадамжай райондук бөлүм башчысы жана райондук кызматтар менен биргиликте тактоо иш-чаралын жүргүзүшүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД