Момбеков:Чек арадагы чатакта Кыргызстан өзү Россиядан жардам сураган жок

Тажиктердин Баткенге кол салуусуна Орусиянын тиешеси бар деген сөздөрдүн өзү да чагымчылдык болуп калышы мүмкүн. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Маралга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өзү Орусиядан да, ЖККУдан да жардам сурагандан карманды. Эми аны "Орусия тажик тарапты колдоду", "Коогада Кыргызстанга сыртын салып койду" деп айтуу кайра эле абалды курчутууга карата аракет болушу мүмкүн.

"Тажик аскерлери кол салган учурда биринчилерден болуп, Орусия президенти "мен ортомчу болууга даярмын" деген сигнал берди. Эч ким ага чалбай койду. Анын ордуна 2 жолу Ташкентти ортомчу кылышты. ЖККУ башчысы да: "Эмне жардам керек?" - деп сурады. Биз андан да сылык-сыпаа баш тартып койбодукпу. Ушунун өзүндө бир чоң мандем бар. Болбосо, Кыргызстан да, Тажикстан да - ЖККУнун мүчөлөрү. Бул уюмду ортомчу кылсак болот болчу. Эми шыбап жатабыз. Мунун баары - чагымчыл аракеттер. Абалды курчутпай алып калганга Путиндин жарым сөзү жетмек. Эми "орустардын кереги жок" деп чагымчылык кылып жатабыз", - дейт депутат.

Ал мындай сөздөрдү айтуудан мурун Орусияда жүргөн бир миллион кыргыз мигранттарынын тагдырын да эске алып коюу зарыл деп эсептейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД