Кыргызстанда инфляция 7% га чейин көтөрүлөт

Кыргызстандын экономикасы 2021-жылы акырындык менен калыбына келет, 2022-жылы чек аралар ачылып, товар менен камсыздоо жанданса - тездейт. Бул тууралуу Азия Өнүктүрүү Банкынын отчетунда айтылды.

АӨБ ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшүн 2021-жылы 3,5% га, 2022-жылы 5,0% га өсөт деп божомолдоодо.

"Биз өсүшкө этияттык менен үмүттөнгөнүбүзгө карабай, көп нерсе Борбор Азия чөлкөмүндөгү калыбына келтирүүгө байланыштуу болот", - деди АӨБдүн КРдагы директору Канокпан Лао-Арая.

2021-2022-жылдары инфляциянын 7% га чейин өсүшү күтүлүүдө. Бирок, валютанын арзандоосунун уланып жаткан таасиринен жана сунуштар чынжырынын жай калыбына келүүсүнө байланыштуу, азык-түлүк инфляциясы жогору бойдон кала берет. Борбордук банк баалардын туруктуулугуна басым жасап, туруксуздукту жоюу үчүн гана валюта базарларына кийлигишүүсү күтүлүүдө.

Алтындын орточо экспорту 2021-2022-жылдарда жалпы экспорттун өсүшүн 5% га чейин жеткирет деп белгиленет. Ошол эле учурда, кийинкиге калтырылган инфраструктуралык долбоорлордун жанданышы менен импорт болжол менен 10% га жогорулашы мүмкүн. Акча которуулар эки жылдын ичинде Россия Федерациясынын экономикасын калыбына келтирүү шартында болжол менен 5% га өсүшү мүмкүн.

Коронавирус азайган сайын социалдык коргоону жакшыртуу жана экономиканы турукташтыруу үчүн, отчетто пандемия учурунда жумушсуз калган жана мигранттарды кайтарып келген кызматкерлерди интеграциялоо сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД