Шамил Атаханов: Шоноевдин өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети ачылды

Кырызстандын түштүгү боюнча Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Толкун Шоноевдин атылып өлтүрүлүшү боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министри Шамил Атаханов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, учурда адам өлтүргөндөрдүн куралы табылган.

"Ички иштер министринин орун басары Болот Абакировдун жетекчилигиндеги кылмышты иликтөө иши ыкчам жана сапаттуу жүргүзүлдү", - дейт Атаханов.

Эскертсек, милициянан полковниги Шоноев 11-январда Оштогу өз үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД