Кыргызстандык самбисттер дүйнөлүк чемпионатта эки коло медаль утту

8-11-ноябрь күндөрү Минск (Белорусия) шаарында өткөн спорттук жана аскердик самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандык самбисттер эки коло медаль утту.

Мелдештин расмий сайтында маалымдалгандай, 82 кг. салмакка чейинки аскердик самбодо коло медалды Курманбек Адил уулу жеңип алган. Экинчи байгеге 90 кг. чейинки салмак категориясы боюнча Канатбек Абдуллаев ээ болгон.

Эскертсек, бул чемпионатка Кыргызстандан 11 спортчу катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД