Таластагы бир шайлоо бөлүмүндө шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Таластагы №6108 шайлоо бөлүмүндө бюллетендерди таштоо болгондуктан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу БШКнын Талас аймактык шайлоо комиссиясындагы өкүлү Динара Билбасарова “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, азырынча шайлоонун жыйынтыгы бир гана бөлүмдө жокко чыгарылды.

Эскертсек, буга чейин бюллетендерди таштоо болгонун “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмеси билдирген. Активисттер шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга басым жасашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД