Бүгүн Бишкектин чыгыш бөлүгүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Бүгүн, 4-сентябрда саат 9:30дан кечки саат 17:00гө чейин Бишкектин чыгыш бөлүгүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Түндүк Электр ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, электр жарыгы аталган аймактагы Нарвская, Ильменская, Ленская жана Профсоюз көчөлөрүндө өчүрүлөт.

Маалыматка караганда, электр жарыгын убактылуу өчүрүү № 456 көмөк чордондорундагы 0,4 кВ электр берүүчү түйүндөрдүн жанында өскөн бак-дарактарды кыюуга байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД