Кыргызстандык теннисчи эл аралык турнирде алгачкы жеңишке ээ болду

Кыргызстандык теннисчи Арина Беляева Талдыкоргондо (Казакстан) өткөн эл аралык жаштар турниринде алгачкы жеңишти багындырды. Бул туурасында Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.

Маалым болгондой, Беляева биринчи беттеште казакстандык Алла Сафолованы 6:4, 6:1 эсебинде утуп, экинчи айлампага чыкты. Мындан сырткары кыргызстандык Руфат Мирджалиев, квалификациялык турдун экинчи турунда орусиялык Савелий Варламовдон жеңилип, мелдештен четтетилди.

Эске салсак, аталган турнирге Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 19 жашка чейинки өспүрүмдөр катышууда. Мелдеш 8-сентябрда аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД