Алдамчылык менен шугулданган аял кармалды

КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери алдамчылык менен шугулданган жаранды колго түшүрүштү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө таянсак, Бишкек шаарынын тургундары ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан. Анда бейтааныш аялдын ири суммадагы акча каражатын ээлеп алгандыгы айтылат. Шаардыктар аялга карата кандайдыр бир чара көрүлүшүн өтүнүшкөн. Алардын айтымдарында, шектелип жаткан айым тургундардын ишенимине кирип, өзүн курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу турак жай комиссиясынын мүчөсүмүн деп тааныштырган. Ошондой эле, ал социалдык программа боюнча турак жай алганга жардам берем деп убада берип келген.

Белгилүү болгондой, шектелип жаткан айымдын тузагына 80ге жакын жаран илинген. Жалпы келтирилген чыгым 26 млн. сомдон ашкан.

КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери, 29-августта Бишкек шаарынан аталган кылмышка шектүү делген 1973-жылы туулган Нуржан Мамбетованы кармашты. Кылмыш иши козголуп, жаран убактылуу кармоочу жайга алынып келинди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД