Алымкулов: Жумуш берүүчү менен жалданма жумушчулар тең укуктуу болуш керек

Бүгүн, 4-сентябрда Социалдык саясат боюнча комитети, "КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна байланыштуу, жумушка алуучулардын укуктарын кеңейтүүгө карата КР Президентинин каршы пикирин колдоого алды. Ошондой эле аталган комитет, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаевдин, сөз болуп жаткан мыйзам боюнча макулдашылган комиссия түзүү идеясын колдой тургандыктарын билдиришти.

Оторбаев, мыйзам долбоору Эмгек кодексин либералдаштыруунун эсебинен инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айтып, ошол эле учурда мамлекет башчысынын каршы пикирин адилеттүү деп тапты. Ал, мыйзам долбоорго оңдоп түзөөлөрдү киргизе турган макулдашылган комиссия түзүү сунушун айтты.

КР жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов, вице-премьер менен макул экендигин билдирип, мыйзам долбоордун кемчиликтерин айтты. "Жумуш берүүчү менен жалданма жумушчулардын укуктарын тең кылуу керек. Эки тараптын тең шартын бирдей түзүп берүү зарыл", дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД