Кыргыз-Орус Славян университетинде каржылык жактан көз боемочулук жок

Кыргызстандын жана Орусиянын эсептөө палаталары биргеликте, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин каржылык-чарба ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы бүгүн, 4-сентябрда баш калаада Кыргызстандын эсептөө палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокуловго, ошондой эле Орусиянын эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашинге айкын болду.

Текшерүү процесси буга чейинки бир канча жылдарды да камтыган. Кыргызстандын эсептөө палатасынын төрагасы билдиргендей, текшерүү маалында каржылык жактан кандайдыр-бир көз боемочулуктар табылган жок. Болгону жогорку окуу жайдын бюджеттен сырткаркы каражаты, Кыргызстандын каржы министрлигинин борбордук казынасы аркылуу өтпөй тургандыгы маалым болду. Ошондой эле, университет ижарага алынган имараттардын ремонтуна каражат бөлүү жагынан да эскертүү алды.

Аталган окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев, эсептөө палаталарынын эскертүүлөрүн эске алышаарын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД