Орган кызматкерлери "Ак үйдүн" айланасындагы кырдаалга көз салууда

Бишкектин бардык райондорундагы орган кызматкерлери, "Ак үйдүн" айланасында болуп жаткан кырдаалга көз салышат. Бул тууралуу "ВБ"га, Бишкек шаардык РИИБнын биринин өкүлү билдирди.

Айтымында, акыркы кезде "Ак үйдүн" алдындагы митингге даярдыктар тууралуу арыздардын келип түшүшү менен, РИИБнын кызматкерлери "Ак үйдүн" айланасындагы кырдаалга көз салып жатышат. Ошондой эле, "милиция кызматкерлери ыкчам издөө иш чараларын жүргүзүп, жасалган кылмыштардын бетин ачуунун ордуна, аталган аймакта жүрүүгө туура келүүдө", дейт өкүл.

Эске салсак, 3-сентябрда Ак үйдүн айланасына нааразы болгон жарандар чогулуп, парламенттин таркашын талап кылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД