7миң АКШ долларын уурдаганга шектүү делген жаран колго түштү

Бишкектеги кафелердин биринен кассадан 7миң АКШ долларын уурдаганга шектүү делип, Ивановка айылынын 24 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу баш калаанын ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда Свердлов РИИБга КЭРдин жараны арыз менен кайрылган. Анда ал, 21-августтан 22-сине караган түнү белгисиз бирөөлөр, кафенин кассасынан 7миң АКШ долларын уурдап кеткенин билдирген.

Свердлов РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан аталган окуяга байлануштуу кылмыш иши козголгон. Шектелген жаран Октябрь РИИБнын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Жаранды текшерүү маалында анын жанынан 4 000 АКШ доллары табылды. Ал калган акчаларды башка нерселерге коротуп салганын айткан. Табылган акча каражаты ээсине тапшырылды. Иликтөө уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД