Мамытов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү туурасында рапорт жазды

Коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Токон Мамытов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү туурасында рапорт жазды. Мындай маалыматты ал бүгүн, 4-сентябрда "ВБ"га берген маегинде айтты.

Белгилей кетсек, "Ата-Журт" фракциясынан Токон Мамытовдун кесиптеши Мыктыбек Абдылдаев да дал ушундай чечим кабыл алган болчу.

Мамытов билдиргендей, арызды спикерге өткөн жумада эле жөнөткөн. Жакынкы парламенттик сессияда анын жана Абдылдаевдин арыздары каралмакчы. Айтымында, кызматтан кетүү тууралуу өтүнүчүн бардык парламент канааттандыраарлык деп табышы чон мааниге ээ. Анткени, комитеттин өкүлдөрүн бардык депутаттар шайлашкан.

"Бул жакшы тажрыйба. Орунду бошотуп, кызматка жаш депутаттар келиши керек. Бул комитетти жаш айым деле жетектөөгө алы жетмек. Профессионалдык жана жеке сапаттарды эске алыш керек" деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД